• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус: Гонконгдон Ухань шаарына бара турган темир жол каттамдарынын билеттери сатыктан алынды

Дүйнө 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Гонконгдон Ухань шаарына бара турган темир жол каттамдарынын билеттери сатыктан алынды. Бул тууралуу MRT темир жол компаниясы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Мындай чечим Кытайдын Гонконг шаарында коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алган эки киши катталгандан улам кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, билеттерди сатып алган жүргүнчүлөр, аны кайра айып төлөбөстөн тапшыра алышат.

"Кытайдын темир жол боюнча башкармалыгы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Гонконг – Ухань каттамдарынын билеттери сатылбай турганы боюнча чечим кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Гонконг шаарынын бийлиги Ухандан Гонконг шаарына келген эркек киши коронавирус илдетин жуктуруп алганын тастыктаган. Бейшемби күнү Гонконгдун саламаттык сактоо борборунан билдиришкендей, аталган илдетти жуктуруп алган экинчи бейтаптын анализдери оң көрсөткүчтү берген.

Эскерте кетсек, Кытайда коронавирустун жаңы түрү менен ооругандардын саны 571ге жетип, 17 адам каза болгон. Коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккан бир адам Гонконг, Макао, Тайванда аныкталган. Ал эми аталган илдетти жуктуруп алган учурлар АКШ, Түштүк Корея, Япония, Тайландда катталган.

Пикир

Оставить комментарий