• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус: Япониядан келген кыргызстандыктын анализи чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Япониядагы Diamond Princess саякат кемесинде болуп, коронавирус жуктурду деп айтылган Кыргызстандын жаранынын абалы канааттандырарлык, андан алынган биринчи анализдин жыйынтыгы оору жок экенин көрсөттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ал жаран Бишкекке бүгүн, 9-март күнү келген.

"Ал учуп келери менен обсервацияга жаткырылган. Иш-аракеттер жадыбалына ылайык, ал 14 күндүк карантинде болот. Карантиндин 13-күнүндө дагы бир жолу анализ алынат", - деп билдиришти министрликтен.

Эске сала кетсек, кыргызстандык жаран 2020-жылдын 15-февралынан 29-февралга чейин Токио шаарындагы аскердик госпиталга жаткырылган. Андан бир нече жолу анализдер алынып, жыйынтыгы таза чыккан. 2020-жылдын 29-февралында госпиталдан чыгарылган.

Министрликтен кошумчалашкандай, республикада коронавирустун чыккан учуру катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий