• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Коронавирус жугузду деп шектелген кыргызстандыктардын анализи чыкты

Ден соолук 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Баткен облусунун бирглешкен ооруканасындагы эки жарандын коронавируска тапшырган анализдери терс (тастыкталган жок) болуп чыкты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 5-февраль күнү дене табы көтөрүлгөн 2 жаран коронавирус күмөнү менен Баткендин биргелешкен ооруканасына алынып келген. Алар Кыргызстанга Кытайдан Тажикстан аркылуу келишкен. Санитардык-карантиндик бөлүмдүн кызматкерлери, Саламаттык сактоо министрлигинде бекитилген иш-аракеттер жадыбалына ылайык, көзөмөлгө алуу үчүн саламаттык сактоо мекемесине алып келген.

Алардан вирусологиялык текшерүү үчүн анализ алынган. Бүгүн, 7-февраль күнү чыккан лабораториялык текшерүү көрсөткөндөй, анын жыйынтыгы терс болуп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий