• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус: Үрүмчүдөн Бишкекке учуп келгендер текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинен улам "Манас" эл аралык аэропортунда Үрүмчүдөн (Кытай) учуп келгендер текшерилүүдө. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, санитардык-карантиндик көзөмөл пункттун адистери, адамдардын температурасын аныктоо үчүн термографиялык камераларды пайдаланууда.

Кытайдагы коронавирустун жайылышынан улам санитардык-карантиндик көзөмөл пункттун адистери "Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү" багыты менен учуп келген жүргүнчүлөрдү текшерүүдө.

"23-январдан 1-февралга чейин "Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү" каттамдары Кытайдагы Жаңы жыл майрамына карата убактылуу токтотулат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Кытай бийлиги Ухань шаарында белгисиз вирустун тараганын айтып чыккан. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү экенин болжолдуу түрдө айтышууда.

Бүгүнкү күндө аталган илдетти жуктуруп алган учурлар Тайвань, Түштүк Корея, Япония, АКШ, Тайланд, Сингапур, Гонконг жана Австралияда катталган.

Пикир

Оставить комментарий