• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салымы

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында киргизилген өзгөчө кырдаал маалында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамынын негизинде өз милдеттерин аткарышат. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандык коргонуу боюнча комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт, иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жооптуу кызматкерлерди дайындайт, өз компетенцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдерди кабыл алат, өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жөнүндө же келип чыгышы жөнүндө калкка өз убагында кабарлоону Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте камсыз кылат жана иш-чараларды жүргүзүүгө финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетте караштырып, бөлүп берет.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү максатында, мамлекеттик органдары менен биргеликте жер-жерлерде ыкчам иштерди алып барууда жана жергиликтүү деңгээлде аталган инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча иш-чаралары иштелип чыгып, тиешелүү финансылык каражаттар жергиликтүү бюджеттен каралууда.

Республика боюнча бардык айыл аймак жана шаарларда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында атайын күзөт посттор уюштурулуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын кызматкерлери тарабынан күнү-түн күзөт иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле айыл өкмөтүнүн жана шаар мэрияларынын кызматкерлери тарабынан элге коронавирус оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын эскертмелер айыл жана шаар элдерине таратылып жана айыл аймагындагы азык-түлүк саткан дүкөндөргө илинди.

Мындан тышкары, аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмелери бекитилип, малекеттик органдар менен биргеликте жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана ишкерлердин финансылык колдоосу менен жардам көрсөтүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Жогоруда келтирилген иш-чаралар республиканын ар бир айыл өкмөтү жана шаар мэриялары тарабынан ишке ашырылууда.

Мисалы, Кара-Суу шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүп жаткан иштер менен биргеликте, дезинфекциялоо иштерине жана ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттен 2020-жылдын апрель айына карата 240 миң сом бөлүнүп, 900 миң сомдон ашык каражат демөөрчүлөрдөн тартылган.

Ал эми, Нарын районуна караштуу Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан элдерге үйдө отуруу, топ-топ болуп чогулбоо керек экендиги жөнүндө түшүндүрүү иштери социалдык тармактардагы группалар аркылуу маалыматтар тынымсыз айтылууда. Көчөлөрдү жана социалдык объектилерди дезинфекциялоо максатында жергиликтүү бюджеттен 115 миң сом бөлүнүп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттен жана жеке ишкерлердин финансылык колдоосу менен айыл аймактагы 162 үй бүлөгө азык түлүк тартылды. Жазгы айдап себүү иштерин эске алуу менен, айыл өкмөт тарабынан сугат суусун алып өтүүчү каналдар өз убагында тазаланып, пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий