• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коронавирус: "Ювентус" менен "Миландын" оюну жылдырылды

Спорт 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Футбол боюнча Италиянын кубогунун жарым финалынын жооптук беттешинде "Ювентус" менен "Милан" командалары оюн өткөрмөк. Бирок, коронавирустан улам оюн жылдырылганын Р-спорт басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, беттештин жылдырылган күнү азырынча белгисиз. Оюн эртең, 5-мартта Туринде өтмөк.

Италияда буга чейин да бир катар футболдук беттештер жылдырылган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Италияда 2 миң 502 адам ооруну жуктурса, 79 адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий