• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус: Канададан келген кыргызстандыктын анализи чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 14.03.20. /Кабар/. Күн мурун Канададан келген кыргызстандыктын коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыгы терс болуп чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-мартта Республикалык штабга Канада-Стамбул-Бишкек рейси боюнча 6-мартта Торонтодон (Канада) эл аралык конференцияга катышкан КРнын А.А., аттуу жараны келгендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

"Келген жаранга уюштуруучулар телефон аркылуу чалып, Торонто штатында конференцияга катышкандар арасында коронавирус илдети аныкталгандыгы тууралуу билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын аракеттеринин алгоритмине ылайык, санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери кыргызстандык жаран жашаган жерге барышкан.

"Учурда кыргызстандык жаран Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылды. Абалы канааттандырарлык. Коронавируска анализи терс болуп чыкты", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий