• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Коронавирус: Казакстанда окуучулар мөөнөтүнөн мурда каникулга чыкмай болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Казакстанда окуучулар коронавирус коркунучунан улам мөөнөтүнөн мурда каникулга чыкмай болду. Эс алуу 5-апрелге чейин созулат, - деп билдирет Liter.kz.

Бул тууралуу Казакстандын вице-премьери Ералы Тугжанов маалымдаган.

«Окуучулар 2020-жылдын 16-мартынан 5-апрелине чейин каникулга чыгышат», — деп билдирген вице-премьер Ералы Тугжанов.

Казакстандын вице-премьери өлкөдө коронавирустун чыккан учуру катталбаганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий