• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коронавирус: КРнын дипөкүлчүлүктөрү Кытай, Корея, Иран, Япония жана Швейцариядагы жарандарды күнү-түнү кабыл алууга даяр

Коом 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Кытайдагы жана башка өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү күнү-түнү иштеп жатышат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул коронавирустун жаңы түрү COVID-19 чыкканына байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар.

«Кыргызстандын Кытайдагы, Кореядагы, Ирандагы, Япониядагы жана Швецариядагы (консулдук округ Италияны да камтыйт) дипломатиялык өкүлчүлүктөрү кыргыз жарандарына ар кандай жардамдарды берүү максатында ыкчам жана күнү-түнү иш алып барууда», - деп айтылат маалыматта.

ТИМ үстүдө көрсөтүлгөн өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктарды өздөрүнүн актуалдуу даректерин, персоналдык маалыматтарын жана байланыш телефондорун КРнын чет жактагы мекемелерине билдирип коюуну өтүнөт.

«Өзгөчө кырдаал түзүлүп калган учурда дароо ыкчам чараларды көрүү максатында күнү-түнү маалыматтар чогултулууда, аталган өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин тизмеси түзүлүүдө», - деп кошумчалашты тышкы саясий ведомстводон.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш номерлери:

1. КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти. Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 10, кызматтык телефон (+996 312) 663405 (кошумча номер 105, 109, 119), 660811 (кошумча номер 105, 109, 119).

2. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги. Дареги: H 10/11 King’s Villas № 18, Xiaun Road, Beijing 100016, China, кызматтык телефон (+86 10) 64681297, e-mail: kgembassy.cn@mfa.gov.kg, шашылыш учурда: +86 132 602 03680; +86 135 819 02801.

3. Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу. Дареги: Room No. 707, Grand Tower No. 228, Tianhe Road, Guangzhou, 510620, China, кызматтык телефон (+86 20) 38013875, e-mail: kgconsulate-guangzhou@mfa.gov.kg. шашылыш учурда +86 139 250 51627, +86 186 660 93015.

4. Кыргызстандын Үрүмчү шаарындагы Виза пункту. Дареги: №876, Davan Bei, Urumqicity, China, 830063, e-mail: kgconsulate.urumchi@mfa.gov.kg, шашылыш учурда: +86 13325629147, +86 18599044747.

5. КРнын Япониядагы элчилиги. Дареги: 108-0079, Tokyo, Japan, Minato-ku, Mita 1-5-7, кызматтык телефон (+81 3) 6453 8277, e-mail: kgembassy.jp@mfa.gov.jp

6. КРнын Кореядагы элчилиги: Дареги: Dongbinggo dong 28-17, Yongsan-gu Seoul, кызматтык телефон (+82 2) 3790951, 3790952, e-mail: kgembassy.kr@mfa.gov.kg, шашылыш учурда: +82 10 2180 4216.

7. КРнын Ирандагы элчилиги: Дареги: PO code: 195 793 5611, bldg. 12, 5th Naranjestan Alley, Pasdaran Street, Tehran, кызматтык телефон (+98 21) 228 303 54, e-mail: kgembassy.ir@mfa.gov.kg, шашылыш учурда: +98 933 179 2782, +98 935 250 5278.

8. КРнын Швейцариядагы элчилиги: Дареги: Avenue Blane 51, 1202 Geneva, кызматтык телефон (+41 22) 707 9220, e-mail: kgembassy.ch@mfa.gov.kg, шашылыш учурда: +41 789 781 414.

КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин түз байланыш телефону: +996 551 312000 ("WhatsApp", "Viber", "Telegram" аркылуу чалууларды, үн жана кат түрүндөгү билдирүүлөрдү кабыл алат).

Пикир

Оставить комментарий