• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус: Кыргызстан Кытайга 7 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Коронавирустун жайылышына каршы аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жүк Кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалган. Гумжардамдын ичинде антисептикалык жана зыянсыздандыруучу жана жеке коргоочу медициналык каражаттар бар.

"7 тоннадай жүк “Торугарт” пунктуна чейин жеткирилип, Кытай тарапка өткөрүлүп берилди", - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий