• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус: Кыргызстанда абактагылар жана аларга келгендердин дене табы текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында коронавирусту алдын алуу боюнча оперативдүү штаб түзүлгөнүн аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бардык мекемелерде абактагылардын жаткан бөлмөсү, ашкана, конок бөлмөлөрдө дезинфекция иши жүрүүдө.

"Абактагыларга келгендерге түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө. Бирок соттолгондорго алып келинген тамактарга жана аларга келгендер менен жолугушууга чектөө коюлган жок. Бардык келип кеткендер жана соттолгондордун дене табы текшерилүүдө. Мекемелер штаттык режимди иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Эркинен ажыратылгандардын ичинен дене табы көтөрүлгөн бирөө аныкталса, анда аталган мекемеде атайын дайындалган бөлмөгө же №47 колониянын алдындагы борбордук ооруканага жаткырылат.

Пикир

Оставить комментарий