• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус: Кыргызстандын Кытайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн даректери

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустун жаңы түрүнүн чыкканына байланыштуу КРнын Кытайдагы элчилиги жана консулдук кызматтары керектүү маалымат жана кеңеш берүү үчүн Кытайдагы КР жарандарынын, алардын туугандарынын телефон чалууларын жана кайрылууларын күнү-түнү кабыл алууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Мындан улам министрлик Кытайдагы КР жарандарына өзүнүн байланыш номерлерин, дарегин жана башка керектүү маалыматтарын Кыргызстандын Кытайдагы мекемелерине билдирүүсүн суранат.

"Учурда Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Кытайдагы, айрыкча Ухань шаарындагы кыргыз жарандарын алып кетүү боюнча иш алып барууда. Ошол эле учурда Кытайдагы кыргыз жарандарына, эл көп болгон жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин жана медициналык мекемелердин кеңештерин аткаруу сунушталат", - деп билдиришти министрликтен.

Кыргыз жарандарында Кытайдагы эпидемиологиялык абал менен байланышкан суроолор боюнча КРнын Кытайдагы дипломатиялык мекемелерине жана КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине кайрылышса болот:

КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти. Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 10, кызматтык телефон (+996 312) 663405 (кошумча номер 105, 109, 119), 660811 (кошумча номер 105, 109, 119).

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги. Дареги: H 10/11 King’s Villas № 18, Xiaun Road, Beijing 100016, China, кызматтык телефон (+86 10) 64681297, e-mail: kgembassy.cn@mfa.gov.kg, шашылыш учурда: +86 132 602 03680; +86 135 819 02801.

Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу. Дареги: Room No. 707, Grand Tower No. 228, Tianhe Road, Guangzhou, 510620, China, кызматтык телефон (+86 20) 38013875, e-mail: kgconsulate-guangzhou@mfa.gov.kg.

Кыргызстандын Үрүмчү шаарындагы Виза пункту. Дареги: №876, Davan Bei, Urumqicity, China, 830063, e-mail: kgconsulate.urumchi@mfa.gov.kg, шашылыш учурда: +86 13325629147, +86 18599044747.

КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин түз байланыш телефону: +996 551 312000 ("WhatsApp", "Viber", "Telegram" аркылуу чалууларды, үн жана кат түрүндөгү билдирүүлөрдү кабыл алат).

Пикир

Оставить комментарий