• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус: Кыргызстанга чет өлкөдөн келгендер дыкат текшерүүдөн өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын бардык көзөмөл өткөрмө жайларында чет элден келген, айрыкча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу эмес өлкөлөрдөн же болбосо Кытай Эл Республикасына (КЭР) 2019-жылдын декабрь айынан 2020-жылдын февраль айына чейин барып келген жарандар өзгөчө көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"Чек ара кызматкерлери өздүк документтерин гана текшербестен паспортторундагы штампты да текшерүүдө. Ал эми ID-card документтерин көрсөткөн учурда чек ара көзөмөлүнүн автоматташтырылган тутуму аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жарандардын жакынкы арада Кытай Эл Республикасына баргандыга боюнча маалыматтарды текшерүүгө алууда", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги даярдаган иш-аракет жадыбалына ылайык, Кыргызстанга келген бардык жарандардын дене табы ченелүүдө, тиешелүү лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

"КЭР жарандары дыкат текшерүүдөн өткөрүлүп, андан сырткары карантинден өтүү үчүн атайын даярдалган жайларга жайгаштырылууда. Ал эми КЭРден келген Кыргызстандын жарандары да санитардык-карантиндик жайларга жайгаштырылып, ар тараптуу текшерүүлөрдөн өтүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, тийиштүү профилактикалык чаралар көрүлүүдө. Карантиндик зоналар жарандарды кабыл алууда жана бардык тиешелүү жабдуулар менен камсыз болгон убактылуу обсервациялык жайлар уюштурулган.

Бардык көзөмөл өткөрүү жайларында дезинфекциялык тосмолор орнотулган жана транспорт каражаттарын дезинфекциялоо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий