• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус: Кыргызстанга Сауд Арабиясына умрага барган 651 КР жараны келди

Коом 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Сауд Арабиясына умрага барып, ал жактан чыга албай калган 651 КР жараны мекенине келди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров билдирди.

Анын айтымында, Сауд Арабиясы аба мейкиндигин жапкандыктан улам алар өлкөдөн чыга албай калган.

"Сауд Арабиясына умрага жалпы 654 жаран барган. Алардын 651и мекенине келди. Үчөө ал жакта калган. Алардын жашы улуу болгондуктан, ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин кароосунда калган. Алар экинчи этап менен алынып келет", - деп ал, умрага барган жарандар кечээ жага бүгүн учуп келгенин белгилеп өттү.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев белгилегендей, ал жарандар үй карантининде болушат.

"Бүгүн "Манас" аэропортуна 290 жана "Ош" аэропортуна 300гө жакын киши келди. Алардын баары үй карантининде болуп, аларды дарыгерлерибиз карашат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий