• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус: Кытай, Түштүк Корея, Япония, Иран жана Италиядан Кыргызстанга келгендер 14 күндүк карантинге алынат

Коом 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Коронавируска байланыштуу Кытай, Түштүк Корея, Япония, Иран жана Италиядан Кыргызстанга келгендер 14 күндүк карантинге алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 26-февралга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлар катталган жок. Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу.

"158 адам обсервацияда болсо, 408 киши жашаган жери боюнча дарыгерлердин кароосунда турат", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен белгилешкендей, 24-февраль күнү алар башка өлкөдөрдөгү коронавируска байланышкан кырдаалды эске алып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөсүнө ылайык иштелип чыккан иш-аракеттер жадыбалына өзгөртүү киргизүүнү чечкен.

"Айрым мамлекеттердеги эпидемиологиялык абалдан улам, Кытайдын жарандары менен (анын ичинде Ухань шаарынан келгендер) бирге Түштүк Корея, Япония, Иран жана Италиядан келген адамдар 14 күндүк карантинге алынат (эпидемиологиялык кырдаалга жараша бул тизме толукталышы мүмкүн)", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий