• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус: Кытайдагы КР элчилигине жарандардан жалпы 2 миңге жакын кайрылуу болгон – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине жарандардан жалпы 2 миңге жакын кайрылуу болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, Кытайда коронавирустун чыгып, андан улам жаралган эмидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде ыкчам штаб түзүлүп, Кытайда турган кыргыз жарандарына болушунча көмөк көрсөтүлүүдө.

"Кыргызстандын элчилигине жалпы 1 миң 800 кайрылуу келип түштү (телефон, электрондук почта, "WeChat" жана "WhatsApp" тиркемелери ж.б. аркылуу). Ар бир кайрылуу боюнча маселени чечүү боюнча аракеттер көрүлүүдө", - деп билиришти министрликтен.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги КЭРдин мамлекеттик жана жергиликтүү органдары, Пекиндеги чет мамлекеттердин дипломатиялык миссиялары менен (өнөктөш өлкөлөрдүн) тиешелүү иштерди алып барууда. Белгилүү болгондой, 2-февраль күнү Казакстандын өкмөтүнүн көмөгү менен Бишкекке Кытайда билим алган 18 кыргызстандык студент алынып келген.

"Элчиликтин кызматкерлери дары-дармек, азык-түлүк ж.б. муктаж (элчиликтен өтө алыс эмес жерде турган) КР жарандарына зарыл оокаттарды жеткирип турууда", - деп билдиришти министрликтен.

Кытайда жалпы 4 миңден ашык КР студенти билим алат. Алардын бир бөлүгү Кытайда болсо, бир бөлүгү Кыргызстанга эс алууга же башка себептер менен кеткен. Элчилик Кытайдагы кыргыз жарандары менен байланышта болууда. Элчилик менен байланышка чыкпаган жарандар да бар.

Мындан улам Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Кытайда турган КР жарандарына кайрылып, алар менен байланышка чыгууну суранат: телефон номерлери +8613260203680, +8613581902801.

Пикир

Оставить комментарий