• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо эсептеринин абалы тууралуу 27-апрелге карата маалымат

Өкмөт 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүү боюнча иш-чараларын каржылоо үчүн жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттары жана аларды бөлүштүрүүгө тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

2020-жылдын 27-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин эсебине 134 млн 144 тысячи 130 сом түшкөн. Анын ичинен 38 млн 559 миң 300 сом медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн багытталган.

2020-жылдын 27-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин эсебине 16 млн 359 миң 993 сом түшкөн, анын ичинен 13 млн 379 миң 996 сом жумшалган.

Эсептердин абалы жана келип түшкөн финансы каражаттарын жумшоо тууралуу кеңири маалыматтар менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий