• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепке дээрлик 51 млн сом келип түштү – Боронов

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепке 51 млн 960 миң сом келип түштү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал бир жума мурда коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсеп ачылып, ага ишкерлерден жана жарандардан акча каражаттары түшүп жатканын белгилеп өттү.

"Ал каражаттардын бөлүштүрүү маселесин чечүү үчүн атайын комиссия түзүлүүдө. Ага жарандык коом, тиешелүү министрликтин өкүлдөрү. Жогорку Кеңештин депутаттары кирип жатат. Келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү ачык-айкын болот", - деди ал.

Аны менен бирге ал атайын эсепке канча каражат, кимден түшкөнүн көрсөтүү үчүн атайын сайт иштелип чыкканын билдирди.

Атайын эсепке түшкөн каражатты www.help.covid.kg сайтынан карап турууга болот.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий