• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Коронавирус менен күрөшүү үчүн жарандардан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүү чараларын каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн гуманитардык жардам жана акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Комиссия мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен, Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана жарандык сектор өкүлдөрүнөн турат.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүү чараларын каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам иретинде жеке жана юридикалык жактардан түшкөн акча каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу бөлүштүрүү, ошондой эле гуманитардык жардамды бөлүп берүү максатында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жоюга багытталган иш-чараларды каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн депозиттик эсеп ачуу тапшырмасы берилди.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-мартындагы №76-б буйругунун негизинде буга чейин ачылган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруусундагы эсепке топтолгон каражат Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын мындан аркы жайылуусуна жол бербөө жана ага каршы күрөшүү иш-чараларын каржылоо үчүн депозиттик эсепке толук көлөмдө которулат.

Акча каражаттарын ачык-айкын топтоо жана бөлүштүрүү максатында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы IT-штаб www.help.covid.kg онлайн ресурсун ишке киргизди. Анда келип түшкөн каражаттардын көлөмү жана алар кайсы иш-чараларга жумшалары реалдуу режимде көрсөтүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий