• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстанга 7 млн долларлык гуманитардык жардам келери күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстанга сырттан келери күтүлүп жаткан гуманитардык жардамдын өлчөмү 7 млн долларды түзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата ал каражаттын 700 миң доллары келип түштү. Ал белгилегендей, жардамдын аз бөлүгү акчалай келсе, көбү гуманитардык жардам катары келген.

"Калган 6,3 млн доллар боюнча макулдашуу болуп, иш жүрүп жатат", - деди ал.

Анын айтымында, жардам Ислам өнүктүрүү банкы, ЮСАИД, Кореялык эл аралык өнүктүрүү агенттиги, GIZ, Азия өнүктүрүү банкы, БУУнун тутумуна кирген уюмдардан, Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, Ага-Хан фондунан, Россия, Кытай, Япония, Корея, Түркия, Өзбекстан жана Казакстандан келүүдө.

Аны менен бирге ал өлкө ичинде бизнес тармагынан жана жарандардан да жардам келип жатканын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий