• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коронавирус менен күрөшүүгө бюджеттен 700 млн сом бөлүнгөн, анын 500 млн сому сарпталды – Абылгазиев

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүүгө бюджеттен 700 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, учурда ал каражаттын 500 млн сом сарпталган.

"Анын ичинен 215 млн сому Саламаттык сактоо министрлигине дарылоо, жеке коргонуучу каражаттарын, дары-дармектерди сатып алууга берилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине обсервация, тамак-аш уюштурууга, күйүүчү май ж.б. каражаттар үчүн 300 млн сом бөлүнгөн. Бирок анын баары толук колдонула элек. Күч түзүмдөрүнө блокспостто тургандардын ишин камсыздоо үчүн, Транспорт министрлигине, Тышкы иштер министрлигине сыртта болгон жарандарды алып келүү, ал жакта маселеси болсо чечип берүү үчүн каражаттар бөлүнгөн. Мындан тышкары ветеринария кызматына 3 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Андан тышкары 27,7 млн сом облустагы өкүлчүлүктөргө, райондорго карантиндик чаралар үчүн берилген", - деди ал.

Аны менен бирге ал, жарандар жана юридикалык жактардан келген каражатты топтоо үчүн эки депозиттик эсеп ачылганын айтып өттү. Ал, Саламаттык сактоо министрлиги үчүн ачылган эсептеги каражаттардын баары дарыгерлерге кошумча акы төлөө үчүн жумшаларын билдирди.

Абылгазиев, эсепке түшкөн каражатты бөлүштүрүү үчүн түзүлгөн комиссиянын чечими менен 135,7 млн сомдун 38,5 млн сому март айы үчүн бөлүнсө, калган акча апрель айы үчүн кошумча маянаны төлөөгө жумшалары каралганын айтты.

"Бирок ал каражат апрель айы үчүн жетпейт экен. 120 млн сомдон ашык каражатты республикалык бюджеттен берели деп жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий