• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медкызматкерлер тобокел тобуна кирет - КММА проректору

COVID - 19 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медкызматкерлер тобокел тобуна кирет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) проректору Гүлмира Жумалиева билдирди.

Анын айтымында, медкызматкерлер арасында илдетти жуктургандардын саны жогору болот. "Ага карабастан илдетти жуктурган медкызматкерлердин саны оору менен күрөшүүгө тартылган медкызматкерлердин жалпы санына караганда бир топ төмөн. Медкызматкерлер бейтаптар жана ооруга күмөн болгон адамдар менен иштешкендиктен илдетти жуктуруп алган учурлар катталып жатат. Жаңы тараган коронавирус адамда пневмониянын өтүшүп кеткенине алып келүүдө. Андыктан, жакын-туугандарыңыздарды коргооңуздар келсе беткап кийип, аралыкты сактоо жана гигиенанын талаптарын аткаруу керек", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 2-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 769га жетти. Алардын ичинен 200ү медицина кызматкери. Илдеттен 527 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий