• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россияда иштеген 23 кыргыз дарыгери келди − Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Кечээ, 5-июль күнү коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россиядан 23 кыргыз медицина кызматкери келди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Кечээ Россиядан 23 медицина кызматкери келди. Алар Кыргызстанда туулуп-өсүп, билим алып, Россияга барып иштеп жаткан, Россиянын атуулдугун алган жарандар. Алар Кыргызстандагы абалды түшүнүп туруп, кайдыргер боло албай келип жатышат. Бүгүн Улуттук госпиталда пневмония менен ооругандар үчүн 200 орундук жаңы бөлүм ачылып жатат. Алар ошол жерде иштешет. Аларга терең ыраазычылык билдиребиз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий