• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо боюнча протоколдун төртүнчү версиясы даяр болду

COVID - 19 0

Бишкек, 16.08.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында кыргызстандык дарыгерлерге коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого жардам берүүгө келген россиялык дарыгер пульмонолог Лилия Козырева жана саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо боюнча жаңы иштелип чыккан клиникалык протокол тууралуу кыскача айтып беришти.

"Мурдагы протоколго караганда жаңысына респиратордук жардам, интенсивдүү терапия бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилди. Этиотроптук дарылоо бөлүгүндө да өзгөртүүлөр болду", - деди Козырева.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, 17-июлда министрлик коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптар боюнча статистика бириктирилген айтып өтүп, клиникалык протоколдун жаңы версиясында пневмония менен ооругандарды дарылоо жагы да каралганын билдирди.

"Алгачкы үч версияда коронавирусту дарылоого басым жасалган. Төртүнчү версия пневмония менен ооругандарды дарылоо жагын эске алуу менен иштелип чыкты. Ал азыр даяр, жакында ага кол коюлат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий