• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого 41,1 млн сом сарпталды - Боронбаева

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого 41,1 млн сом сарпталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, фонд келишимдик негизде 231 мамлекеттик саламаттык сактоо мекемесин каржылайт: анын ичинде 99 стационар, 30 жалпы дарыгерлик практика борбору, 49 үй-бүлөлүк медицина борбору, 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 34 стоматологиялык бейтапкана, Бишкек жана Ош шаарларында эки тез жардам станциясы бар.

"Мамлекеттик ооруканаларды каржылоо ар бир дарыланып чыккан учур үчүн ишке ашырылат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен стационардагы бейтаптарды дарылоого 2020-жылга 7 млрд 105 млн сом каражат каралган. 6-августка карата ооруканадан дарыланып чыккандардын саны 395 миң 64тү түзгөн. Алардын дарылануусун каржылоого 4 млрд 795 млн сом сарпталган. Анын ичинен 41,1 млн сом коронавирус менен ооругандарды дарылоого жумшалды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий