• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Коронавирус менен уйкусуздуктун кандай байланышы бар? Сомнологдун жообу

Дүр дүйнө 0

Россиянын сомнологдор коомунун президенти, эмгек сиңирген дарыгер Роман Бузунов коронавирус инфекциясы менен уйкусуздуктун ортосунда байланыш бар экенин айтты.

Анын айтымында, пандемиянын кесепеттеринин бири депрессия болуп калды, ал уйкунун олуттуу бузулушуна алып келет. “Азыр бизде узак стресттик абал бар жана дээрлик элдин бары стресс абалында жүрөт. Коронавирус пандемиясынын алкагында уйкусуздук пандемиясына кабылдык”, - деди Бузунов.

Дарыгер уйкусуздук коронавирус менен оорубагандар үчүн да абдан көйгөйлүү экендигин белгиледи.

“Биринчиден – бул обочолонуу, күнүмдүк тартипти бузуу. Адам жумушка барбашы керек, ал каалаган убакта турат, каалаган убакта уктайт. Режимди бузуу уйкусуздукка алып келиши мүмкүн. Кийинкиси – адам өзүн-өзү физикалык активдүүлүктөн чектейт, бул болсо – стресске каршы эң мыкты каражат”, - деди ал.

Ошондой эле Бузунов дүрбөлөңгө түшүү, зарна жана ооздогу кычкыл даам, апноэг (уктап жаткандагы дем алуунун токтошу) жана уктаар алдында телефон колдонуу уйкусуздуктун себептери болушу мүмкүн экендигин айткан.

Дарыгер уйкуну нормалдаштыруу үчүн режимди сактоону, спорт менен машыгууну, күндүн экинчи жарымында кофени аз ичүү жана жаңылыктарды окууну кыянаттык менен пайдаланбоону сунуштайт.

Булак РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий