• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус: Нарында адистердин жетишсиздиги байкалууда

Аймак 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Нарында тиешелүү адистердин жетишсиздиги байкалууда, - деп билдирди брифингдин жүрүшүндө өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов.

Ал билдиргендей, облустук жана райондук координаторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, дарыгерлер арасында коронавирусту жайылтпоо максатында кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча катуу талаптар коюлган.

"Чынын айтыш керек, адистердин жетишсиздиги байкалууда. Себеби карантинге жатып калгандар болууда. Жакында эле өзүбүздүн координатор да эки жума карантинде жатып чыгып, ишке өзүнүн таасирин тийгизди. Андан сырткары, Санэпидемдин орун басарынан коронавирус аныкталгандыктан анын башкы дарыгери учурда карантинде. Мына ушундай жагдайлар жумуштун аткарылышына тоскоолдуктарды жаратып жатат. Биз атайын Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлигине жардам сурап кайрылганбыз. Учурда эки эпидемиолог келип иштеп жатат", - дейт ал.

Өкүл кошумчалагандай, катуу талаптар коюлуп, медиктердин арасында коронавирустун жайылып кетүү коркунучунун алдын алуу чаралары көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий