• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус: Нарында милиция бөлүмү жабык турат деген маалымат чындыкка дал келбейт - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаевге Нарын облустук ички иштер башкармалыгында 50дөй кызматкер обсервацияга алынып, учурда Нарын шаардык милиция бөлүмүнүн жабык тургандыгы, ошондой эле медиктер арасында дагы коронавирус жуктургандар көбөйгөндүгү айтылууда, бул маалыматтардын канчалык чындыгы бар деген суроо берилди.

Үсөнбаевдин айтымында, бул маалыматтардын айрымдары чындыкка дал келбейт.

“Ички иштер орган кызматкерлеринин ичинен коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган, бирок бул тууралуу биз убагында маалымат бергенбиз. Бирок бүгүнкү күндө милиция бөлүмү жабылып калды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени, милиция кызматкерлери үй карантининде кармалып жаткан учурда, ИИМ тарабынан Бишкектен атайын иш сапарына өздүк курам бекитилип, Нарын облусуна жиберилген. Ал кызматкерлер ишти толук, үзгүлтүккө учуратпай камсыз кылып турушту”, - деп баса белгиледи ал.

“Ал эми медицина кызматкерлери боюнча айта кетсек, жуктурган учурлар болгон, бирок кийинки күндөрдө мындай учурлар каттала элек. Ошондой эле Нарын облусуна Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан адистер жиберилген. Бүгүнкү күндө облуста медицина кызматкерлери жетиштүү жана үзгүлтүксүз иш алып барууда”, - деп кошумчалады Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1016га жетти. Алардын ичинен 235и медицина кызматкери. Илдеттен 688 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий