• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус: Олимпиаданын лицензиялык мелдеши Кыргызстанда өтпөй турган болду

Спорт 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Бишкектеги Олимпиада оюндарына лицензия бере турган күрөш боюнча мелдеш өтпөй калды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, мелдеш 27-29-мартта Бишкек шаарында өтмөк.

Мындай чечимге коронавирустун дүйнөгө тездик менен тарашы себеп болгон. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун жетекчилиги астында өткөн ыкчам жыйында аталган мелдешти өткөрбөө боюнча чечим кабыл алынган.

Эскерте кетсек, буга чейин күрөш боюнча мелдеш Кытайдан Кыргызстанга жылдырылган болчу.

Пикир

Оставить комментарий