• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус: Оорунун "очогу" болгон аймактарда иштеген медиктерге эки эсе маяна төлөнөт - министрлик

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Обсервацияларда изилдөө жүргүзүүчү-дарыгерлер, жугуштуу оорулар-дарыгерлери, медайымдар, ошондой эле жууп-тазалоо жана дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн кенже медициналык кызматкерлер иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө эпидемиологиялык фонддон бардыгына кыдыруучу чыгымдар жана кошумча убакыт иштегендиги үчүн акы төлөндү. “Ошондой эле оорунун “очогунда” иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге 1 күн иштегендиги үчүн 2 күндүк маяна төлөө боюнча маселе каралып жатат. Эсептер даярдалды”,- деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий