• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коронавирус: Реанимация бөлүмүнө жаткырылган бейтаптын абалы айтылды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирус жуктуруп жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган бейтаптын абалын айтып берди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. “Жандандыруу бөлүмүндө жаткан адамдын абалы туруктуу. Ал эми, коронавирусту жуктурап алган калган жарандардын саламаттыгы канааттандырарлык”, - дейт Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны расмий түрдө 16 кишиге жетти (7 эркек, 9 аял). Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 5 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий