• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус: Республикалык штаб соцтармактарда тараган билдирүүлөргө карата түшүндүрмө берди

Өкмөт 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб социалдык тармактарда тараган билдирүүлөргө карата төмөнкүлөрдү билдирет.

Такталган фактыларсыз коронавирус чыккандыгы тууралуу билдирүү жасоо айрым жарандардын жоопкерчиликсиздигин күбөлөндүрөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык зарыл чараларды көрүүдө, бүгүнкү күнү республикада коронавируска кабылгандар жок.

Айрым жарандарды Кыргыз Республикасында коронавирус бар экендиги тууралуу жоопкерчиликсиз билдирүүлөр менен элдин тынчын албоого чакырабыз. Мындай имиштерди жайылтуу дүрбөлөңгө түшүрүп, ишканалардын, коомдук транспорттун ишине тоскоолдук жаратат. Бардык жарандарга кандайдыр бир суроолор келип чыккан шартта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине кайрылууну сунуштайбыз.

Медициналык кызматкерлер, чек арачылар жана башка кызматтардын кызматкерлери ар бирибиздин коопсуздугубузду камсыздоо үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатышат.

Белгилүү болгондой, коронавирус инфекциясынын жайылышы тууралуу маалымат чыккан соң Республикалык штаб түзүлүп, Кыргыз Республикасынын калкынын коопсуздугун камсыздоо жана саламаттыгын сактоо, коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чаралар көрүлдү.

Биз бардык жарандарды жоопкерчиликтүү мамиле жасап, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого жана мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырабыз.

Пикир

Оставить комментарий