• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус: Саламаттык сактоо министрлиги элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска байланыштуу элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, министрлик коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча күчөтүлгөн алдын алуу иш-чараларын жасап жатат.

"Илдет тууралуу жалган маалымат тараткан айрым фармацевттер андан "акча жасап", ал эми кээ бир жоопкерчиликсиз ЖМКлар өздөрүнө окурмандарды топтоп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрликтен кошумчалашкандай, мессенджерлерде элди дүрбөлөңгө салуу максатында ар кыл жалган, туура эмес маалыматтар тарап жатат.

"Коронавируска байланыштуу кандай гана суроо болбосун 0312 32 32 02 номерине чалып, тактап алсаңыздар болот. Расмий булактарга гана ишениңиз. Илдетке байланышкан расмий маалыматтардын баардыгы министрликтин расмий сайтына жайгаштырылат: www.med.kg", - деп айтылат министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий