• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус: Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам байланыш линиялары иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти коронавирустун жаңы түрү боюнча маалымат алуу үчүн ыкчам байланыш линиялары иштеп жатканын билдирет.

Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү коронавирустун жаңы түрү боюнча маалымат алуу үчүн 0312 32-30-55; 0312 32-32-02; 0550 03-36-07 номерлерине кайрылуу керек.

Ошондой эле ооруну алдын алуу жана анын белгилерин аныктоо боюнча маалымат алса болот.

"Температуранын жогорулашы, жөтөлүү жана дем алууда кыйынчылык жаралса дароо 103 кызматына чалууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий