• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Коронавирус: Тайландда 25, Сингапурда 24 адам илдетти жуктуруп алды

Дүйнө 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүн Тайландда 25, Сингапурда 24 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн Саламаттык сактоо министри билдиргенин РИА Новости жазат.

Сингапурда буга чейин 18 адам ооруну жуктуруп алганы айтылган.

"4-февралдагы маалымат боюнча дагы алты адам илдетти жуктуруп алганы аныкталган. Алардын төртөөнө биринен-бирине жуккан", - деп айтылат маалыматта.

Коронавирусту жуктуруп алган алты адамдын экөө 30-январда Ухандан Сингапурга өз жарандарын көчүрүү учурунда келген. Үч адам Кытайдан келгендер менен жакын байланышта болгондон улам жукса, бирөө Сингапурда жуктуруп алган адам менен байланышта болгон.

Акыркы маалыматтарга караганда, Тайландда дагы коронавирусту жуктуруп алган алты учур катталган.

"Бейтаптардын төртөө Тайланддын жараны, экөө Кытайдын жараны болгон", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Ооруну жуктуруп алгандардын экөө Япониядан келген Тайланддын жараны, дагы экөө кытайлык туристтер. Калган эки адам кытайлык туристтерди ташыган таксинин айдоочусу болгон.

"Бейтаптар өпкө сезгенүүсүнүн оор түрү менен ооруканага жаткырылган. Бирок көп өтпөй бешөөнүн абалы жакшырган. Эгер анализдери оң көрсөткүчтү берсе жакында ооруканадан чыгарылат. Бир бейтап туруктуу оор абалда ооруканада жатат", - деп билдирет өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги.

Эскерте кетсек, буга чейин Кытайда тараган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 17 миң 205ке жетип, 361 адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий