• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус тараган өлкөлөрдө канча кыргыз жараны бар? – ТИМдин жообу

Дүйнө 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында коронавирус тараган өлкөлөрдө канча кыргыз жараны бар экенин айтып берди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык абал туруктуу эмес өлкөлөрдүн катарына Түштүк Корея, Япония, Иран, Кытай жана Италия өлкөлөрү киргизилген.

"Кыргызстандын чет жактагы консулдугунун маалыматында, Японияда 64, Италияда 352, Түштүк Кореяда 2 миң 348, Иранда 67 жана Кытайда 271 жаран бар. Бирок, чет жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттарыбыз да бар. Алар боюнча маалымат бере албайбыз", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий