• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус: Тажикстан Кытайдан келген 285 адамды ооруканага жаткырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Тажикстандын жугуштуу оорулар ооруканасында Кытайдан келген 285 адам текшерүүдөн өтүүдө. Бул тууралуу “Авеста” агенттигинен кабарлашты.

Тажик Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык коргоо министрлигинен кабарлашкандай, январь айынын ортосунан тарта Кытайдан Тажикстанга келгендердин арасында кытайлыктар жана тажиктер бар.

Ооруканага жаткырылгандардын арасында студенттер, соодагерлер жана Тажикстандагы кытай компанияларында эмгектенген жумушчулар бар.

“Алардын арасында вирусту жуктуруп алгандар жок. Бирок бул жарандар 14 күндөй карантинде кармалып, тиешелүү текшерүүдөн өтүшөт”, - деди өлкөнүн саламаттык сактоо жана калкты социалдык коргоо министринин орун басары Мирхамудин Камолзода.

Эскерте кетсек, Кытайда 2019-жылдын декабрь айында 2019-nCoV аттуу коронавирустун жаңы түрү жайылып жаткандыгы тууралуу айтылган. Андан 361 адам көз жумуп, 17,2 миң адам ооруну жуктуруп алгандыгы кабарланган. Ал эми 475 адам дарыланып, толугу менен айыккан. Коронавирустун жаңы түрү менен ооругандар Кытайдын баардык аймактарында, ошондой эле Япония, Таиланд, Сингапур, АКШ, Франция мамлекеттеринде табылган. Ал эми январь айынын аягында Россияда эки факт катталган.

Пикир

Оставить комментарий