• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коронавирус: Умрадан учуп келген учакта 135 эмес, 144 адам экени аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Умрадан учуп келген учакта 135 эмес, 144 адам экени аныкталды. Алардын 142си текшерилип, үчөөндө коронавирус аныкталган. Бул тууралуу өкмөттө өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, Сауд Арабиядан учуп келгендердин тизмеси боюнча 144 адамдын 142 адамы текшерилген. "2 жаран Кыргызстанда эмес болгондуктан алар текшерилген жок. Жалал-Абадка 2 мобилдик лаборатория жакынкы арада жеткирилет", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 18-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын билдирди. Алар Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун жашоочулары.

Илдетти жуктуруп алгандар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен.

Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Эске салсак, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан баштап, өлкөнүн бардык мектептери жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылган.

11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп тааныгын.

Пандемия – жугуштуу оорунун бир нече өлкө, континентке массалык түрдө таралышы. Буга чейин дүйнөгө жайылган коронавирстун жаңы түрүнө COVID деген расмий аталыш берилген – CO коронавирусту, VI вирусту туюндурса, D ооруну билдирет.

Пикир

Оставить комментарий