• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коронавирус: Вьетнамда 15, АКШда 13 жана Түштүк Кореяда 28 адам илдетти жуктурду

Дүйнө 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Кытайда пайда болгон коронавирустну жаңы түрү "2019-nCoV" вирусун Вьетнамда 15, АКШда 13 жана Түштүк Кореяда 28 адам жуктурду. Бул туууралуу аталган өлкөлөрдүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкенин РИА Новости жазып чыкты.

Вьетнамда аталган илдетти жуктуруп алган учур 1-февралда байкалган. Учурда 15 адам ооруну жуктурган.

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда 398 адам текшерүүдөн өткөн. Алардын ичинен 12 кишиде оору катталса, 318инин анализи терс чыккан. Дагы 68 жарандын анализдеринин жыйынтыктары чыга элек.

Ошондой эле АКШнын Сан-Диего аймагында бир жаранда коронавирус оорусу катталган.

Түштүк Кореяда олуттуу ооруну жуктурган 28-учур катталган. Ал 30 жаштагы кытайлык аял болгон. Буга чейин анын жакынында илдет байкалып, ооруканага жаткырылган. 30 жаштагы жаран да үй карантинге алынган. Бирок анализдеринде коронавирустун белгилери аныкталган.

Белгилей кетсек, Кытайда коронавирусту 42 миң 638 адам жуктурса, 1016 жаран көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий