• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Үчөөнүн абалы оор, 4 миңден ашык киши обсервацияда - Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Коронавирус жугузган 3 адамдын абалы оор, алар учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусунда, экөө Ноокат районунда, бирөө Сузак районунда.

"Алар 24 саат бою көзөмөлдө болууда. Андан тышкары, 4 миң 886 адам обсервацияда жатат. Аларды дагы дарыгерлер күнү-түнү текшерип жатышат. Үй карантининде 3 миң 338 адам бар. Кырдаал толугу менен көзөмөлдө", - дейт ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 29-март саат 12:00гө карата коронавирус жуккан дагы 26 жаңы учур катталып, ооругандардын саны 58ден 84кө чейин өстү.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий