• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коронавирус жугузуп алган 26 жаңы учурдун ичинен 14 киши Сауд Арабиядан келгендер

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Коронавирус жугузуп алган 26 жаңы учурдун ичинен 14 киши Сауд Арабиядан келгендер, калгандары алар менен байланышта болгондор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан республика боюнча COVID-19га кабылган 42 учур аныкталды. Бүгүн аныкталган жаңы учурлардын ичинен 14 киши Сауд Аравиясынан кичи ажалыктан келишкен, калгандары – алар менен байланышта болгондор. Бейтаптардын бардыгы тийиштүү медициналык жайларда медицина кызматкерлеринин кароосунда.

42 учурдун ичинен - Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жана Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий