• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Коронавирус жугузуп алган шарттары белгисиз болгон учурлар көбөйүп жатат - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 08.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өлкөдө коронавирус жугузуп алган шарттары белгисиз болгон учурлар көбөйүп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги берген эрежелерди бузган жарандар дагы деле азайган жок. Алсак, беткап кийүү, социалдык аралыкты сактоо деген талаптар аткарылбай жатат.

"Коронавирусту кимден жугузуп алганы билинбеген учурлар көбөйүүдө. Бүгүнкү коронавирус катталган 10 учурдун жугузуп алган шарттары белгисиз болууда. Бул деген биз бүгүн кылдат мамиле кылбасак, эртең эпидемиянын тарап кетишине себепкер болушубуз мүмкүн дегендик. Кайдыгер карабастан, өзүңүздөрдүн илдетке болгон мамилеңиздерди өзгөртсөңүздөр", - дейт ал.

Үсөнбаев жарандардын 118 номерине чалуулары көбөйүп жатканын айтат.

Белгилей кетсек, 8-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2032 учур катталды. Алардын ичинен 400ү медицина кызматкери. Илдеттен 1445 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 23 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий