• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус жуккан СИЗО-1дин кызматкери менен 13 жаран байланышта болгон - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 09.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкектеги №1 тергөө абагында коронавирус жуктурган кызматкер менен 13 жаран байланышта болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, №1 тергөө абагында коронавирус жуктурган кызматкер илдетти кимден жуктурганы аныктала элек. Эпидемиологиялык иликтөө иштери жүрүүдө.

"Бүгүнкү күндө абактагы кызматкер менен байланышта болгон 10 адам аныкталды. Ошондой эле үй-бүлөсүнүн үч мүчөсү менен да байланышта болгон. Алардын баары изилденип, эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 9-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 931ге жетти. Алардын ичинен 231и медицина кызматкери. Илдеттен 658 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий