• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен 2 миң 37 адам жакын байланышта болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирус жуккандар менен байланышта болгон адамдардын саны 8 миң 538ге жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин айтуусуна караганда, анын ичинен жакын байланышта болгондордун саны 2 миң 37 адамды түзөт (1-категория). Ал эми башка байланышта болгон адамдардын саны 6 миң 501 (2-категория).

Үсөнбаев кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 628 адам жатат.

Белгилей кетсек, 22-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 22 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 612 учуру катталды.

Пикир

Оставить комментарий