• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Коронавирус жуктурган 10 бейтаптын абалы оор – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 10 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, учурда 246 бейтап ооруканада жатып, дарыланууда.

"Алардын ичинде 10 бейтаптын абалы оор. Бешөө реанимация бөлүмүндө жатат. Бирөө Ноокат аймактык ооруканасында, төртөө республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 280ге жетет. Алардын ичинен 30 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий