Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда - Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп ооруканаларда жаткандардын саны 318ди түзөт. “Алардын ичинен 11инин абалы оор, ал эми алтоо реанимация бөлүмүнө жаткырылды”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, 12-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 38 жаңы учур катталып, ооруга чалдыккандардын саны 377ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий