• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен бешөө реанимацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен бешөө реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал белгилегендей, учурда коронавирус жуктурган 244 адам бейтапканаларда дарыланууда.

"Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 41 бейтаптын абалы орточо оор. 192 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-майга карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 756ны түзөт. Алардын ичинен 504 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий