• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө коронавирус жуктурган 387 адам бейтапканаларда дарыланууда.

"Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор. Анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат. 48 адамдын абалы орточо оор, 328 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-майга карата коронавирус жуктурган 37 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1350нү түзөт. Алардын ичинен 949 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий