• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 244 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча коронавирустан 650 жаран айыкты.

"Илдетке кабылган 12 адамдын абалы оор, 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми 68 жарандын абалы орточо оор, 164 адам канааттандырарлык абалда", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 8-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 906га жетти. Алардын ичинен 226сы медицина кызматкери. Илдеттен 650 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий