• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен алты киши реанимацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен алты киши реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирус жуктурган 512 адам бейтапканаларда дарыланууда.

"Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен алты киши реанимацияда жатат. 88 адамдын абалы орточо оор, 412 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-майга карата коронавирус жуктурган 74 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1594тү түзөт. Алардын ичинен 1066 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий